Ошто “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли көрсөтүлдү

Маданият 12 Май 2025 11:07
495963068_122167969472368081_7116702448702196817_n.jpg
495902486_122167969802368081_729157267801794418_n.jpg
495391350_122167968380368081_3611406804432704522_n.jpg
496943068_122167966580368081_1587721820468853082_n.jpg
495437227_122167967564368081_6322487961915524138_n.jpg
496001594_122167969466368081_2321352936712745184_n.jpg
Алдыга
Артка
495963068_122167969472368081_7116702448702196817_n.jpg
495902486_122167969802368081_729157267801794418_n.jpg
495391350_122167968380368081_3611406804432704522_n.jpg
496943068_122167966580368081_1587721820468853082_n.jpg
495437227_122167967564368081_6322487961915524138_n.jpg
496001594_122167969466368081_2321352936712745184_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Күн мурун Ош улуттук драма театрында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Раймалы менен Бегимай” аттуу этно-мюзикли көрүүчүлөргө тартууланды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, маданий иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Облус жетекчиси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чыгармачыл жамаатын куттуктап, ыраазычылык баракчасын жана Кыргыз Улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмоновго “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамын тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган чыгармада — сүйүү, искусство жана адамдык сезимдердин бийик баалуулуктары терең чагылдырган. Раймалы менен Бегимайдын образдары аркылуу сүйүүнүн түбөлүктүүлүгү жана коомдук тоскоолдуктарга каршы адамдык күрөш көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, чыгарма көрүүчүлөрдү адамдык тагдырлар, ички дүйнө жана коомдук чектөөлөр ортосунда ой жүгүртүп, терең баалоого чакырат. Ага кошо улуттук маданиятыбызды, салт-санаабызды жана музыкалык мурастарыбызды чагылдырат.

Этно-мюзиклдин автору жана долбоордун жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Кыргызбай Осмонов. Либреттону акын Аалы Туткучев жазган. Музыкалык чыгармалардын авторлору — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рысбек Жумакунов баштаган бир катар белгилүү композиторлор.

Эске салсак, “Раймалы жана Бегимай” этно-мюзикли Ош шаарында дагы үч күн бою сахналаштырылып, көрүүчүлөргө тартууланат.