Улуттук банктын жаңы төрагасы борбордук аппаратка тааныштырылды

Министрлер кабинети 18 Март 2026 17:27
69ba87bcd4a0f (1).jpeg
69ba87cca4cef.jpeg
69ba87dc8fdf7.jpeg
69ba87dbab27d.jpeg
69ba87d839250.jpeg
69ba87c592fe5.jpeg
Алдыга
Артка
69ba87bcd4a0f (1).jpeg
69ba87cca4cef.jpeg
69ba87dc8fdf7.jpeg
69ba87dbab27d.jpeg
69ba87d839250.jpeg
69ba87c592fe5.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук банктын борбордук аппаратына жаңы төрага Алмаз Бакетаевди тааныштырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, жаңы төраганын жетекчилиги астында жөнгө салынуучу органдын иши банк секторун мындан ары өнүктүрүүгө, акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун жогорулатууга, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталат деген ишенимин билдирди.

Адылбек Касымалиев Улуттук банктын төрагасына жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.