Улуттук банк эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика Загрузка... 26 Май 2026 10:20
15.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы 25-майда эсептик ченди 12 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, чечим бүгүн, 26-майдан тартып күчүнө кирет.

"Жыл башынан бери тышкы экономикалык чөйрө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу геосаясий факторлордун күчөшү менен мүнөздөлүп, дүйнөлүк энергопродукциялар жана азык-түлүк рынокторунда жогорку өзгөрүлмөлүүлүккө жана баалардын жогорулашына алып келген, анын негизинде тышкы инфляциялык процесстер күчөгөн. Кыргызстан калктын керектөө куржунунда импорттун үлүшү жогору болгон чакан ачык экономика болгондуктан, тамак-аштын ички баалары да дүйнөлүк бааларга ылайыкташып өзгөрө баштаган", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, жыл башынан бери Кыргызстандагы инфляция 15-майга карата 4,7 пайызды түздү (жылдык мааниде – 10,9 пайыз). Инфляциянын түзүмүндө эң чоң салым азык-түлүк товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшү менен камсыздалат.

Кыргызстанда учурдагы инфляциянын факторлору тышкы драйверлердин жана ички шарттардын таасиринин сакталышынын алкагында монетардык эмес мүнөзгө ээ болууда. Буга электр энергиясынын жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин пландаштырылган жогорулатуу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардан улам мейманкана жана ресторан кызматтарынын бааларынын жогорулашы жана жогорку ички суроо-талап себеп болууда.

"Фискалдык сыяктуу эле жана да монетардык каналдар аркылуу экономикага акча сунушунун көбөйүшүнө байланыштуу инфляциянын монетардык факторлору жалпысынан, акча-кредит саясатынын инструменттери жана ички валюта рыногундагы туруктуу абалды сактоо менен текшиленет. Кыргызстандын экономикасы экономика субъекттеринин туруктуу керектөө жана инвестициялык жигердүүлүгүнүн шартында жогорку өсүш арымдарын сактап келет. 2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн реалдуу ИДПсы 12,4 пайызга өскөн, бул өсүшкө негизги салым кызмат көрсөтүү жана өнөр жай секторунун өсүшү, ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын көбөйүшүнүн жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында курулуштун кеңейиши менен камсыз болгон. Ички суроо-талап калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү менен колдоого алынат", - деп билдиришти банктан.

Белгиленгендей, экономикада акча-кредит шарттары катуулатылган мүнөздө сакталууда, алар орто мөөнөттүү келечекте инфляция көрсөткүчүн 5-7 пайыздык максаттуу деңгээлге кайтаруу үчүн шарттарды түзүү максатында, тышкы инфляциялык факторлордун таасирин минималдаштырууга жана ички факторлордун экинчилик таасирин чектөөгө багытталган.

Ички акча жана валюта рынокторундагы абал туруктуу бойдон калууда, ал эми улуттук валютанын салыштырмалуу туруктуу алмашуу курсунун динамикасы экономикалык субъекттердин жана калктын инфляциялык күтүүлөрүн орточо чекте кармап турууга өбөлгө түзөт. Банк сектору ашыкча ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлин сактап турат, ал инфляциянын монетардык түзүүчүсүн чектөө максатында Улуттук банктын инструменттери менен жигердүү түрдө арылтылат.

"Өлкөдө инфляциянын келечеги тышкы шарттарга сезгич бойдон калууда. Негизги тышкы тобокелдиктер уланып жаткан геосаясий чыңалуулардан, дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүүлүгүнөн жана дүйнөлүк товар жеткирүү чынжырларындагы мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдөн улам келип чыккан. Инфляциянын ички факторлору болжолдуу мүнөзгө ээ, бул негизинен ички суроо-талаптын сакталып калышы жана тарифтик саясатты ишке ашыруу менен байланыштуу болот. Жалпысынан бул шарттар инфляциялык тышкы факторлорго оогон тобокелдиктер балансы менен келечектеги инфляциянын динамикасын шарттайт", - деп айтылат маалыматта.

Мындай шарттарда Улуттук банк инфляция факторлорун кылдаттык менен көзөмөлдөп, баалоону улантууда. Учурда Улуттук банктын эсептик чени 12 пайыз деңгээлинде сакталып турат. Катуулатылган акча-кредит шарттарын кармап туруу орто мөөнөттүү мезгилде инфляцияны 5-7 пайызга чейин басаңдатуу үчүн туруктуу шарттарды түзөт. Баалардын туруктуулугуна кандайдыр бир тобокелдиктер жаралса, Улуттук банк инфляциялык мүнөздөгү келип чыккан факторлорго өз убагында чара көрөт.

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 27-июлунда өтөт.