Улуттук банк үч банктын жетекчилик курамын бекитти

Экономика Загрузка... 09 Март 2026 13:27
3684167.e6795fd183b.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Улуттук банк өлкөдөгү бир катар коммерциялык банктар тарабынан сунушталган талапкерлерди тийиштүү кызмат орундарына бекитүү чечимин кабыл алды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү талапкерлердин кызмат орундары жактырылды:

  • "Керемет Банк" ААК: Директорлор кеңешинин мүчөсү — Муратбеков Жеңишбек Алимбекович;
  • АКБ "Толубай" ЖАК: Ички аудит кызматынын башчысы — Исманова Гулзат Аскарбековна;
  • "Компаньон Банкы" ЖАК: Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы — Гашикулина Евгения Энверовна.
"Бул чечимдер банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды"— деп айтылат маалыматта.