Улуттук банк Бишкектеги алты акча алмаштыруучу жайга айып салды

Коом 20 октябрь 2025 10:20
Улуттук банк Бишкектеги алты акча алмаштыруучу жайга айып салды

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Улуттук банк борбор калаада жайгашкан алты акча алмаштыруучу жайга административдик жаза колдонгонун жарыялады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында алардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы аныкталган.

Ар бир алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салынды.