Улан Ниязбеков: Жапыкеевдин кармалышында саясий өңүт жок

Коом
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Сыймык Жапыкеевдин милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап, алардын аракеттери саясий буйруктун негизинде болгон деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгы бузулганы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн.

"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен спирт ичимдиктерин ичип, саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, ызы-чуу чыгарганын аныкташкан. Андан соң ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда окуя боюнча материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Улан Ниязбеков окуянын саясий өңүтү жок экенин белгилеп, бардык жагдайлар мыйзам чегинде караларын айтты.