Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Кытайда "Борбор Азия – Кытай" форматындагы ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин расмий эмес жолугушуусунда трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.
ИИМден билдиришкенжей, жолугушууда Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков мамлекеттер ортосундагы экономикалык, транспорттук жана гуманитардык байланыштардын кеңейиши укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү талап кыларын белгиледи.
Анын айтымында, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберкылмыштуулук сыяктуу коркунучтар чек арадан өтүп жаткандыктан, ыкчам маалымат алмашуу жана тыгыз кызматташтык зарыл.
Ошондой эле ШКУнун алкагындагы кызматташтыкка көңүл бурулуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу маселелери каралды.