Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын директору Виктор Золотов менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Росгвардиянын ортосунда 2027-2029-жылдарга биргелешкен иш-аракеттер программасына кол коюлду.