Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин отурумуна катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, отурумда эл аралык полициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, баңгизат кылмыштуулугуна жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, кылмыштарды ачууда заманбап технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.
Ниязбеков трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, маалыматтарды ыкчам алмашууну, чек ара аралык кылмыштуу байланыштарды биргелешип аныктоону сунуштады.
Ошондой эле ал 2027-жылдын сентябрында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалып жатканын айтып, КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн катышууга чакырды.
Жыйындын соңунда кылмыштуулукка каршы 2029-2033-жылдарга биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасынын долбоорун даярдоо жана укук коргоо тармагындагы эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу маселелери каралды.