Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Укуктук колдоо декадасында 6 миңден ашуун жаран акысыз жардам алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Юридикалык жардам кызматынын Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын башчысы Айчүрөк Камаева билдирди.
Анын айтымында Юридикалык жардам кызматы 2–11-декабрь күндөрү өткөн он күндүк декадада өлкөнүн бардык аймактарында атайын консультациялык аянтчалар иштеп, жарандар ар түрдүү маселелер боюнча акысыз юридикалык жардам алышты.
“Декада учурунда юристтер, адвокаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандарга кызмат көрсөттү. Ошондой эле жаза аткаруу мекемелеринде көчмө консультациялар уюштурулуп, №4, 60, 17, 37, 5 мектептердин окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алардын ичинен:
Жынысы боюнча:
- Эркектер- 2960;
- Аялдар- 3459.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаары - 562
- Чүй облусу- 387
- Талас облусу - 292
- Жалал-Абад облусу - 1617
- Баткен облусу - 774
- Ош облусу- 1923
- Ысык-Көл облусу - 454
- Нарын облусу- 410
Социалдык статусу боюнча:
- Аз камсыз болгон жарандар - 175;
- Пенсионерлер - 886;
- Иш менен камсыз болгон адамдар - 1595;
- Жумушсуз адамдар - 3573;
- Жашы жете электер - 49;
- Ден - соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 141.
Жарандык статусу боюнча:
- КР жараны - 6396;
- Чет өлкөлүк жарандар - 22;
- Жарандыгы жок адамдар - 1.
Жарандардан көбүнчө документтештирүү, жер маселеси, үй-бүлөлүк укуктук маселелер, социалдык камсыздоо, менчик укуктары жана мураска байланыштуу суроолор келип түштү. Ошондой эле үй-бүлөлүк укук маселелери жалпы кайрылуулардын 80%ын түздү.
Андан сырткары, 39 адамга квалификациялуу юридикалык жардам (алардын ичинен кылмыш иши - 9, жарандык иши боюнча - 30) көрсөтүлдү.