Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жарандардын эмгек укуктарын коргоону жана иш берүүчүлөр тарабынан Эмгек кодексинин талаптарынын, ошондой эле эмгекти коргоо нормаларынын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, кызматтын ыйгарым укуктарына эмгек мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүү, эмгек акынын өз убагында жана толук төлөнүшүн көзөмөлдөө, эмгек келишимдеринин туура таризделишин текшерүү, эмгек шарттарын жана эмгекти коргоо талаптарын көзөмөлдөө, өндүрүштөгү кырсыктарды иликтөө кирет.
Кызматтын ишмердүүлүгү кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышын камсыздоого, иш берүүчүлөр тарабынан бузуулардын алдын алууга жана өндүрүштүк тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Эмгек укуктары бузулган учурда жарандар төмөнкү дарек жана байланыш телефондору боюнча эмгек инспекциясына кайрыла алышат:
Дареги: Бишкек шаары, Чүй көччөсү 265а
Телефондор: 0 (312) 39-16-35, 0312-39-16-35
Эмгек министрлиги кызматкерлерди жана иш берүүчүлөрдү эмгек мыйзамдарынын нормаларын так сактоого жана мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында кайрылууга чакырат.