УКМКнын жаңы жетекчиси реформалар кандай нукта уланарын айтып берди

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-02-20 at 16.47.51.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Вечерний Бишкек басылмасына маек берип, атайын кызматта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, учурда улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда түзүмдүк жана уюштуруучулук-штаттык реформалар жүргүзүлүүдө.

"Жүргүзүлүп жаткан реформалар системалуу мүнөзгө ээ жана өзгөрүлүп жаткан эл аралык кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана конституциялык түзүлүшүн натыйжалуу камсыз кылууга жөндөмдүү ыкчам, кесипкөй жана ачык түзүмдү калыптандырууга багытталган", - деди ал.

Ал белгилегендей, реформалар мыйзамдарды сактоо менен коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алып, этап-этабы менен ишке ашырылууда.

"Атайын кызматта түзүмдүк реформа ишке ашырылып, Мамлекеттик күзөт жана чек ара кызматтары УКМКнын курамынан уюштуруучулук жактан өзүнчө бөлүнүп чыкты. Ал эми уюштуруучулук-штаттык реформаларга токтолсок, өзгөртүүлөр штаттык санды оптималдаштырууну, функционалдык милдеттерди кайра бөлүштүрүүнү, аналитикалык ишти күчөтүүнү жана кадрдык потенциалды чыңдоону карайт. Тартипке, жеке жоопкерчиликке, кызматкерлердин адеп-ахлактык жана руханий даярдыгына, ошондой эле башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, УКМКда жүргүзүлүп жаткан уюштуруучулук-штаттык өзгөртүүлөрдүн алкагында негизги басым ыкчам жана аналитикалык иштин классикалык жана салттуу методдоруна жасалат", - деди ал.

Ошондой эле Шабданбеков УКМКны саясаттан арылтуу (деполитизация) керектигин айтты. Бул аны саясий партиялардын, идеологиялардын жана кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктарынын таасиринен бошотуу дегенди билдирет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясий курал болбошу керек.

"Кийинки маанилүү кадам — түзүмдү кесипкөйлөштүрүү, башкача айтканда, жетекчилик кызматтарга дайындоодо саясий берилгендиктен кесипкөйлүктүн артыкчылыгына басым жасоо.

УКМКда кадрларды дайындоо кесипкөйлүккө гана негизделет. Бул трайбализмдин жана коррупциянын алдын алып, мекеменин кадыр-баркын коргойт. Система жердешчиликтен баш тартып, тажрыйбалуу адистерге басым жасайт", - деди жаңы жетекчи.