УКМКнын жаңы медициналык комплексинде кимдер дарылана алат?

Коом 1370 30 Январь 2026 16:35
625160250_1460682899399673_3370806157974810752_n.jpg
623302005_1460683422732954_6195944999275370505_n.jpg
623302009_1460683296066300_6104874440938827858_n.jpg
624940855_1460683126066317_1703434652392940048_n.jpg
623374743_1460683106066319_1815066772889048854_n.jpg
622652044_1460683006066329_768080895303400504_n.jpg
623421130_1460683002732996_6378031656874977025_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Ал Аскердик медициналык кызмат коопсуздук комитетинин эле эмес, Чек ара жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин да тейлей турганын кошумчалады.

Жалпы аянты болжол менен 15 миң чарчы метр болгон жаңы имарат операциялык блокту, реанимация жана реабилитациялык медициналык тейлөөнү ишке ашыруучу аскердик бейтапкананы камтыйт. Ошондой эле адистештирилген жана стационардык медициналык жардам көрсөтүлө турган аскердик оорукана бар. Анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары жана жалпы хирургия бөлүмдөрү да ачылган.

Мындан тышкары, медициналык комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, санариптик медициналык технологиялар жана жогорку технологиялык хирургия киргизилген.