УКМКнын делегациясы Душанбеде терроризмге каршы машыгууларга катышты

Коом 24 октябрь 2025 17:55
571494235_1323120232929126_2402585459595317848_n.jpg
571180832_1323120229595793_3917408159609133332_n (1).jpg
571131739_1323120226262460_2121824588117369394_n.jpg
Алдыга
Артка
571494235_1323120232929126_2402585459595317848_n.jpg
571180832_1323120229595793_3917408159609133332_n (1).jpg
571131739_1323120226262460_2121824588117369394_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. 23-24-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин делегациясы Тажикстандын Душенбе шаарында өткөн Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча КМШнын III жылдык конференциясына, ошондой эле "Шериктештик-Антитеррор-2025" терроризмге каршы машыгууларына катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин – Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле Индия, Иран, Кытай жана Пакистан компетенттүү органдарынын, КМШ органдарынын жумушчу түзүмдөрүнүн жана БУУ, ШКУ, ЕККУ, ЖККУ жана Интерпол эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

УКМКнын делегациясы террористтик жана экстремисттик коркунучтарга каршы күрөшүүдөгү улуттук тажрыйба, укуктук базаны реформалоо жана бул жааттагы иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди.

УКМК "Шериктештик-Антитеррор-2025" машыгуусунун биринчи этабына катышып, анын жүрүшүндө улуттук аймактарда маанилүү инфраструктуралык объектилерге жана көп сандаган адамдар чогулган жерлерге террористтик чабуулдарды пландаштырган жасалма террористтик топторду аныктоо жана кармоо боюнча тапшырмалар аткарылды.

Машыгуунун биринчи этабында 44 машыгуу ийгиликтүү аяктады, КМШнын жамааттык маалымат системаларында 250дөн ашык текшерүү жүргүзүлдү жана жасалма террористтер аныкталып, кармалды.

Машыгуунун акыркы этабы ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен "Бузулбас боордоштук" менен айкалышкан форматта өткөрүлдү.