Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алар Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам каттоосунда тургандар. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн мурда соттолгон, ошондой эле кылмыштуу чөйрөдө бейрасмий макамга ээ болгон жарандар бар. Иш-чарага жалпы 28 адам катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга мыйзамдарды жана укук тартибин так сактоо боюнча мыйзам талаптары жеткирилди. Ошондой эле катышуучуларга кылмыштуу топторду түзүү, криминалды каржылоо, куралды мыйзамсыз сактоо жана башка укук бузуулар үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги катуу түшүндүрүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар кылмыштуу чөйрөдөгү уурулук түшүнүктөрдөн жана криминалдык идеологиядан баш тарта тургандыктарын, ошондой эле мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге катышпай тургандыктарын билдиришти.