Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМК төрагасы экономиканын өнүгүүсү бизнестин туруктуулугунан түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп, бул жолугушуу ишкерлердин көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн ишенимдүү аянтча болорун айтты.
"Ак ниеттүү бизнес эркин иштеши керек. Биздин милдет – тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Ишкердикке негизсиз кийлигишүүдөн алыспыз, тескерисинче, силерди коргоого даярбыз. Болгону ачык жана ак ниет иштеп бериңиздер", – деди Шабданбеков.
Бизнес өкүлдөрү ачык диалог үчүн ыраазычылык билдирип, текшерүүлөрдүн ачык-айкын жүргүзүлүшүн жана мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтардын жеткиликтүү болушун сунушташты.
"УКМК төрагасы ишкерлерге карата жасалган мыйзамсыз аракеттер тиешелүү тартипте караларын убадалады. Ошону менен бирге, кылмыштуу схемаларга аралашкан тараптардын жоопкерчилиги тууралуу эскертти. Төрага мамлекет менен бизнестин ортосундагы өнөктөштүк гана өлкө жыргалчылыгын камсыз кыларын баса белгиледи"– деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, иш-чара президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу боюнча тапшырмасынын алкагында өттү.