УКМК төрагасы 2020-жылга чейин коопсуздук кызматкерлерине көңүл бурулбаганын айтты

Коом Загрузка... 09 Декабрь 2025 17:28

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. 2020-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде иштеген кызматкерлерге тийиштүү шарттар болгон эмес. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Ал белгилегендей, учурунда мамлекеттик жетекчилер УКМК кызматкерлеринин иштөөсүнө шарт түзүп, көңүл буруп карашкан эмес.

“Жалал-Абад облусунун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына барсам, 12 сотых жерде бир, эки бөлмөнү, бир кабат, жарым кабатты кошуп отуруп иштеген жерлери өзүнчө кептеркана болуп калыптыр. Иштегенге эч ыңгайсыз. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кыла турган органдын иштөөгө ылайыктуу шарты жок болгон. Себеби, мамлекеттик жетекчилер ага көңүл буруп карашкан эмес. Мен башка ишкананы айткан жокмун, эң керектүү коопсуздук кызматын айтып жатам. Ушул абал республиканын бардык жеринде болгон. Ушунун баарын кайрадан куруп чыгыш үчүн негизги маселебиз коррупция менен күрөшүү керек болду. Баарынын тамыры келип отуруп коррупцияга илешет”,- деди Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. БУУнун демилгеси менен жыл сайын бул дата Эл аралык коррупцияга каршы күн катары белгиленип келет.