УКМК эскертет: Алты айда бир нече өспүрүм экстремисттик агымга тартылган

Коом Загрузка... 19 Февраль 2026 11:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө интернет маалымат алуу, билим алуу жана байланыш үчүн негизги каражат болуп калды. Бирок айрым учурларда өспүрүмдөр онлайн ресурстар аркылуу радикалдык уюмдардын таасирине кабылып, экстремизм жана терроризм идеологиясына тартылып жатышат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Дистанциялык радикалдашуу — бул социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттар аркылуу жашы жете электерге мыйзамга каршы жана зордук-зомбулукту актаган көз караштарды жайылтуу процесси.

Атайын кызмат белгилегендей, мындай процесстин көпчүлүк учурлары жашыруун жүрөт. Өспүрүмдөр интернеттен мыйзамга каршы материалдарды көрүп, радикалдык көз караштарды кабыл ала баштайт. Айрым учурларда алар интернет аркылуу жардыруучу түзүлүштөрдү жасоону үйрөнүп, укук коргоо кызматкерлерине кол салууга чакырыктарга туш болушат.

Акыркы алты айда УКМК бир нече өспүрүмдүн интернет аркылуу террористтик уюмдарга азгырылганын аныктаган. Айрымдары террордук актка даярдануу стадиясында кармалса, башкалары түздөн-түз жардыруучу түзүлүш жасоо стадиясында кармалган. Мындай көрүнүштөр өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө катышуу, аны жайылтуу же жардам берүү кылмыш болуп эсептелет. Бул өспүрүмдөргө гана эмес, алардын ата-энелерине жана жакындарына да олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

УКМК ата-энелерге өспүрүмдөрдүн интернеттеги жүрүм-турумуна көңүл бурууну сунуштайт. Шектүү контент же жүрүм-турум байкалса, тиешелүү органдарга кабарлоо керек.

Адистер белгилеген байкоого тийиш белгилер:

  • Интернет оюндарына ашыкча берилип кетүү
  • Жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү
  • Үй-бүлө жана достордон алыстоо
  • Радикалдуу же агрессивдүү диний пикирлерди билдирүү
  • Белгисиз адамдар менен жашыруун байланышуу
  • Күмөндүү сайттарга же жабык топторго кызыгуу
  • Ата-энеге же жакындарына агрессия
  • Зордук-зомбулукту актаган билдирүүлөр

Бул белгилердин бири гана байкалса да, кайдыгер болбоо маанилүү. Балдардын коопсуздугу — баарыбыздын жалпы милдетибиз.

Эгерде жогорудагы көрүнүштөр байкалса, УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнө тез арада кайрылуу сунушталат.