Майрамдык маанай: УКМК кызматкерлери өзгөчө балдардан кабар алышты

Коом 1 июнь 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.50.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.51.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-01 at 10.15.53.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 01.06.26 /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Атайын кызматтын офицерлер жыйынынын кеңешинин атынан барган кызматкерлер мекеменин тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалашты. Иш-чаранын башкы максаты — коомдун камкордугуна жана өзгөчө көңүл буруусуна муктаж болгон балдарга майрамдык маанай тартуулоо болду.

Кайрымдуулук акциясынын алкагында УКМК тарабынан аталган мекеменин тарбиялануучуларына атайын материалдык жана каржылык жардам көрсөтүлдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындан ары да өлкөдөгү аярлуу катмарга кирген балдарга көмөк көрсөтүүгө жана социалдык мекемелерди колдоого багытталган демилгелерге өзгөчө көңүл бурууну улантарын баса белгиледи.