УКМК Бишкекте мыйзамсыз берилип кеткен мүлктү мамлекетке кайтарды

Коом Загрузка... 31 Декабрь 2025 11:48
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. УКМК "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупциялык көрүнүштөрдү аныктады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган бирикмеге таандык кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээликтен ажыратылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө мурда коомдук бирикмеге таандык Бишкек шаарынын Б.Исакеев көчөсүндөгү №1 үйдө жайгашкан 1 гектар жер тилкеси жасалма түрдө бир нече өзүнчө участокторго бөлүнгөнү аныкталган.

Жыйынтыгында "Пионер" курулуш компаниясы бул тилкелердин айрымдарына көп батирлүү турак жайларды курган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы аянты 499,08 чарчы метр болгон цоколдук жайлар (цокольные помещения) мамлекеттик баланска кайтарылды.

УКМК мурда мыйзам бузуу менен мамлекеттик менчиктен алынып салынган, мыйзамсыз менчиктештирилген активдерди аныктоо жана кайтарып алуу боюнча ишин улантууда.