Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Мамлекеттердин коррупциянын рейтингин аныктаган кээ бир эл аралык уюмдар өздөрү коррупциялашкан, муну ачык айтыш керек, - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүү рейтинги кыйла жакшырыш керек эле, бирок эл аралык уюмдарга анын кереги жок болуп жатат.
“Мамлекеттердеги коррупциянын рейтингин чыгарган уюмдар биздин өлкөнүн эл аралык уюмдардын арасындагы аброюн бир нече тепкичке кайра түшүрүштү. Эми ал эч нерсени өзгөртпөйт. 2020-жылга чейинки коррупциялык көрүнүштөрдүн абалы менен азыркы коррупциялык элементтер менен абалды салыштыруу мүмкүн болбойт. Биз кыйла өзгөрдүк, коом менен мамлекеттик органдар өзгөрдү. Коррупцияга байланыштуу мыйзамдарды катаалдаштырдык. Азыр коррупция ылдыйкы ченемдерде азыраак болуп жатат. Бирок, аларга мыйзам таасирин берет”, - деди Ташиев.
УКМК төрагасы маалымдагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстан мурдагы союз мамлекеттердин арасында коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча эң алдыңкы орунда турат.
“Чет элдик коррупциянын деңгээли боюнча рейтинг түзгөн уюмдар саясатташып кетишкен. Учурда Кыргызстан мурдагы союз мамлекеттердин арасында коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча эң алдыңкы орунда. Албетте, Европа сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине чыга элекпиз. Ал үчүн биздин экономикабыз өнүгүп, аң-сезимибиз өзгөрүлүшү керек. Биз ошого багыт алдык”, -дейт ал.