Учуу коопсуздугу үчүн жаңы кадам: Даниядан үч деайсер келди

Коом Загрузка... 21 Январь 2026 18:25
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. "Кыргызстан аэропорттору" ААК Даниянын ААК Vestergaard Company A/S компаниясынан учуп кетүү алдында аба кемелерин музга каршы иштетүү үчүн 3 деайсер атайын унаасын сатып алды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган даниялык компания учактарды жерде тейлөө үчүн техниканы, биринчи кезекте музга каршы иштетүүчү жабдууларды (деайсерлерди) жана жердеги башка авиациялык жабдууларды иштеп чыгууга жана чыгарууга адистешкен.

"Бул бренддин техникасы дүйнө жүзү боюнча аэропорттордо пайдаланылып, өзүн ишенимдүү, технологиялык жана эл аралык жогорку стандарттарга ылайык экендигин көрсөтө алды. Жабдуу учактын аэродинамикасына муздун жука катмары дагы таасир бериши мүмкүн болгон кыш мезгилинде негизги ролду ойнойт", - деди ал.

Самидинов жаңы деайсерлер бортторду тез, текши жана эл аралык стандарттарга толук шайкештикте иштетүүгө жол берерин белгиледи.

"Биз инфраструктураны жаңылоого системалуу инвестиция салып жатабыз. Анткени, авиация учуп чыгуудан эмес, жерде – адамдардан, процесстерден жана жабдуулардан баштала тургандыгын түшүнөбүз", - деди ал.