Учурда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору? Адистин жообу

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2025 16:10
WhatsApp Image 2025-11-18 at 13.10.31.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Бүгүнкү күндө чач тарач, ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү, бухгалтер, котормочу жана айдоочу кесиптерине суроо-талап жогору. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

“Аталган кесиптер боюнча атайын кыска мөөнөттүү окутуулар уюштурулган. Кесиптик лицейлер менен келишимдин негизинде жумуш издеген жарандарды акысыз окутуп, окуу соңунда сертификат берилет. Окуу чыгымдарын мамлекет көтөрөт. Окутуунун баасы 4600 сом. Мындан сырткары мамлекет жол кире катары 360 сом да төлөп берет”, – деди Мукамбетова.