"Учур" театры Франциянын Авиньон фестивалында кыргыз маданиятын таанытууда

Маданият Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 14:25
747832592_998522176146201_7668830729750510434_n.jpg
747903090_1000625299629551_2787477456084565946_n.jpg
747718440_1314459727344078_2294253372872108358_n.jpg
749329780_1348640163547665_5318614732926787648_n.jpg
748216148_1552305873069248_6250063001980914367_n.jpg
Алдыга
Артка
747832592_998522176146201_7668830729750510434_n.jpg
747903090_1000625299629551_2787477456084565946_n.jpg
747718440_1314459727344078_2294253372872108358_n.jpg
749329780_1348640163547665_5318614732926787648_n.jpg
748216148_1552305873069248_6250063001980914367_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан дүйнөдөгү эң ири көз карандысыз театр фестивалдарынын бири — "Avignon Off 2026" эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданий кечеси ийгиликтүү өттү.

"Борбор Азия күндөрү: Кыргызстан" маданий программасынын алкагында уюштурулган кечеде конокторго Кыргызстандын театр искусствосун чагылдырган видеопрезентация, улуттук сүрөт көргөзмөсү, кыргыз элинин улуттук тамак-аштары сунушталып, атайын музыкалык программа тартууланды.

Иш-чарага Франциянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кытайдын Франциядагы консулдук өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Авиньон шаарынын муниципалдык кеңешчиси, "Avignon Off" фестивалынын көркөм жетекчилиги, маданият ишмерлери, театр адистери жана эл аралык фестивалдын меймандары катышышты.

Меймандар кыргыз маданиятына жогорку баа берип, чыгармачылык кече фестивалдын маданий программасына өзгөчө өң-түс кошконун белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүүдө мындай иш-чаралардын мааниси зор экени белгиленди.

Белгилей кетсек, мамлекеттик "Учур" жаштар театры фестивалда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган "Бугу Эне" спектаклин тартуулайт. Спектаклдин премьерасы 2026-жылдын 16-июлунда өтүп, көрсөтүүлөр 25-июлга чейин уланат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, фестивалга катышып жаткан мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын чыгармачылык программасынын алкагында өткөрүлдү.