Соңку күндөрү өлкөнүн бардык аэропортторунда каттамдар үзгүлтүккө учурап жатат. Айрым жүргүнчүлөрдүн каттамдары жокко чыгарылып, билеттин акчасы кайтарылып берилүүдө. Бул көйгөй аба ырайынын начарлашынан, тактап айтканда, коюу тумандын түшүшүнөн улам жаралууда.
Күн мурун “Манас” эл аралык аэропортунда коюу туманга байланыштуу учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көл, Алматы, Ташкент жана Ош шаарларындагы башка аба майдандарына багытталды.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мурда туман көбүнчө өлкөнүн түштүгүндөгү аэропорттордо байкалса, азыр Бишкекте да тез-тез кайталанууда.

"Учактардын коопсуз уча алышы үчүн көрүү аралыгы кеминде 800 метр болушу керек. Бирок, соңку күндөрү “Манас” аэропортунда бул аралык болгону 400 метрди түзүп жатты",- деп белгиледи ал.

Деген менен кубандырарлык жагдай да бар. Мамлекет бул көйгөйдү чечүү багытында активдүү иш алып барууда.

“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын Инфраструктура жана аймактарды өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2026-жылдын январь айынын соңунда “Манас” эл аралык аэропортунда жарык-сигналдык жабдуулардын категориясын биринчиден үчүнчүгө чейин жогорулатуу менен туман маселеси чечилет.
“Негизи, бул жабдуулар үч категорияга бөлүнөт. Эң жогоркусу үчүнчү категория. Мындан жогору категория дүйнөдө жок. Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө дал ушул үчүнчү категориядагы жарык-сигналдык жабдуулар орнотулган. “Манас” эл аралык аэропортуна дагы ушул категориядагы жабдык колдонулууда. Мындай жабдуулар Кыргызстанда чыгарылбайт, алардын баары Кытайдан алып келинүүдө. “Манас” эл аралык аэропортуна 2 миң 300 даана жарык-сигналдык жабдуу орнотулуп бүттү. Азыркы учурда бул жабдууларды башкаруу пультуна туташтыруу иштери жүрүп жатат. Туташтыруу иштери 2026-жылдын 15-январына чейин бүткөрүлөт. Андан соң, ушул эле күнү жабдуу тесттик режимде иштетилип көрүлөт. Эгер текшерүүдөн ийгиликтүү өтсө, январдын аягында бул система пилоттук негизде толук пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, аталган жабдуулар учурда “Каракол” эл аралык аэропортуна да орнотулуп жатат. Ысык-Көлдө кар эрте түшкөндүктөн “Каракол” эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө жана орнотуу иштери бир аз кечеңдеп калды. Ошондуктан бул жабдуулар ал жакта 2026-жылдын февраль айында ишке берилет”, - деп белгиледи ал.

Мамбетов кошумчалагандай, жарык-сигналдык жабдуулар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө туман шартында гана эмес, караңгыда да жарык берүү үчүн колдонулат.
“Биз да бул жабдууларды түнкүсүн учактар үчүн жарык берүү максатында пайдаланууну пландап жатабыз. Чет өлкөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай система авиакоопсуздукту камсыздоодо чоң роль ойнойт. Мамлекет бул жабдуулардын эң жогорку үчүнчү категориясын орнотуп, камсыздап берет. Бирок, аларды туура жана эффективдүү колдонуу учкучтардын жана борт коштоочулардын кесипкөйлүгүнө байланыштуу. Азыркы учурда Кыргызстанга келип жаткан эл аралык авиакаттамдардын бардыгы бул талаптарга жооп берет жана техникалык даярдыгы жогору. Жалпылап айтканда учурда болуп жаткан көйгөй бул жабдуулардын жардамында толук чечилет”, -деп кошумчалады ал.

Мындан сырткары, ал мындай жабдуулар өлкөнүн бардык 11 аэропортуна этап-этабы менен орнотуларын белгиледи.
“Каракол эл аралык аэропортунда туман анча көп болбосо да, эмне үчүн алгач ошол жакка орнотулуп жатат деген суроолор жаралышы мүмкүн. Бул аба майданында учурда куруу иштери жүрүп жаткандыктан, кийин кайра кайтып келбестен, жарык-сигналдык жабдууларды биротоло орнотуп кетүүнү туура көрдүк.

Кийинки этапта иштер Ош эл аралык аэропортунда башталат. Орнотуу иштерине 2026-жылдын март айында старт берилет. Оштун масштабы чоң болгондуктан, иштер да татаалырак болот. "Каракол" аэропорту Ошко салыштырмалуу бир топ эле кичинекей. Ош аэропортундагы иштер жүрүп жаткан маалда айрым каттамдар үзгүлтүккө учурап калса, Манас жана Каракол аэропорттору резервдик аэродром катары кызмат кылууга даяр болушу керек. Ушул себептен улам, биринчи кезекте "Каракол" менен "Манас" аэропортторун бүтүрүүнү чечтик. Оштон кийин жабдуулар Манас шаары жана башка аймактардагы аэропортторго орнотулат”,- деди ал.