Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Министрдин орун басары Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө, саясий диалогду өнүктүрүүгө жана ар кандай деңгээлдердеги байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Авиация, эмгек миграциясы, билим берүү, туризм жана экономика тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Кыргызстан менен Германиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Германиянын элчиси Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, Германиянын андан ары консультацияларга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө жана эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.