Тышкы саясаттын жыйынтыгы: Кыргызстандын региондогу ролу жана миграциялык реформа

Коом 30 декабрь 2025 14:00
7407dcb9-be90-331f-b701-2d3f5f359927.jpeg
1588f3c0-a968-3880-b1a6-957ee40e7832.jpeg
8c6259c9-bc54-3c17-be1c-9a1320669e49.jpeg
e156161d-55ae-3744-b37c-115b74e810fc.jpeg
a94527be-e28b-37c9-af5f-4bb8d943aeb8.jpeg
216b5f01-9768-3e58-9fda-88752c2bfbd2.jpeg
Алдыга
Артка
7407dcb9-be90-331f-b701-2d3f5f359927.jpeg
1588f3c0-a968-3880-b1a6-957ee40e7832.jpeg
8c6259c9-bc54-3c17-be1c-9a1320669e49.jpeg
e156161d-55ae-3744-b37c-115b74e810fc.jpeg
a94527be-e28b-37c9-af5f-4bb8d943aeb8.jpeg
216b5f01-9768-3e58-9fda-88752c2bfbd2.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында тышкы саясат ведомствосунун коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Министрликтен билдиршкендей, жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын 2025-жылы ЖККУга төрагалык кылуусунун жыйынтыктары чыгарылып, уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөө маселелери каралды.

Ошондой эле коллегиянын мүчөлөрү "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгынын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мыйзамдардагы негизги жаңылануулар, ошондой эле миграциялык агымдарды иретке келтирүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөдө жүрүүсүн легалдаштыруу боюнча практикалык кадамдар тууралуу маалымат берилди.

Жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев регионалдык уюмдардын алкагында өлкөнүн тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына ылайык миграциялык процесстерди мындан ары өркүндөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.