Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Министр Жээнбек Кулубаев тынчтыкты чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөткөн негизги универсалдуу эл аралык уюм катары БУУнун маанилүү ролун белгиледи.
Маектештер Кыргызстандын БУУ системасы менен өз ара кызматташуусунун жогорку деңгээлин, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, климаттык күн тартибин илгерилетүү, туруктуу тоо өнүгүүсү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелерин белгилешти.
Өзгөчө көңүл Шанхай кызматташтык уюму саммитине катышуу үчүн БУУнун Башкы катчысынын Бишкекке боло турган сапарына бурулду. Башкы катчы мамлекет башчысынын саммитке катышуу тууралуу чакыруусун кубануу менен кабыл алганын белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы конструктивдүү диалогду жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ошондой эле эл аралык аянтчалардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.