Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Баткен облусу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров белгилеген багытта, туруктуулуктун, кызматташтыктын жана инвестициянын аймагы катары өнүгүү аракетинде. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Өзбекстандын Фергана шаарында “Фергана өрөөнү: тынчтыкка жана гүлдөп өнүгүүгө карай күч-аракетти бириктирүү” аттуу Тынчтык форумунун биринчи жыйынында билдирди.
Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Тынчтык форумуна президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров, Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджоббой Ахмадзода жана ар бир өлкөнүн делегациялары катышууда.
Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы аналитикалык борборлорунун жетекчилери жана серепчилери, тынчтык орнотууга адистешкен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатат.
Форумда Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов сөз сүйлөп, “бүгүн биз меймандос Ферганада чогулуп, биздин аймактардын ортосундагы тынчтыкты, ишенимди жана жакын кошуналык мамилени чыңдоонун жолдорун бирге талкуулап жатабыз. Бүгүнкү форумдун темасы — биз үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени Фергана өрөөнүндөгү – коопсуздук, суу, соода-экономика, экология, маданият жана башка бардык маселелер, бирдиктүү мамилени жана өз ара ишенимди талап кылат. Диалог, өнөктөштүк жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү аркылуу гана биз туруктуу тынчтыкты бекемдеп, өнүгүү үчүн шарттарды түзө алабыз” деп белгиледи.
Өз сөзүндө Айбек Шаменов, диалог жана өнөктөштүк аркылуу гана туруктуу өнүгүү мүмкүн экенин белгилеп, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин ролуна жогору баа берди.
Мындан сырткары, бул багытта тараптарды өз ара түшүнүшүү менен байланыштырган чет элдик өнөктөштөрдүн жана эксперттик коомчулуктун ролун баса белгилеп, аларды дипломатиянын көпүрөсү деп баалады.
Форумда аймактык кызматташуу, тынчтыкты бекемдөө, коопсуздук, соода-экономика, суу жана экология сыяктуу маселелер талкууланууда.
Форум 16-октябрда “Ынтымак күнү” иш-чарасы менен уланмакчы.