Тынчсызданууга негиз жок: "Ала-Арча" суусунун деңгээли көзөмөлдө

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 12:24
copyright icon Октябрь райондук администрациясы

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" суусунун агымы нормада, учурда суунун ташып кетүү коркунучу жок. Бул тууралуу Октябрь райондук администрациясынан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, көзөмөлдөөчү тармактык кызматтар — Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын №402 муниципалдык аймактык башкармалыгы, суу чарба өкүлдөрү жана өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматтар абалга дайыма мониторинг жүргүзүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат.

Адистер мүмкүн болгон тобокелдиктерди болтурбоо үчүн каналдагы суунун деңгээлин, ошондой эле жээкти бекемдөөчү курулмалардын абалын үзгүлтүксүз текшерип жатканы белгиленди.