Тынч океандын түндүгүндө катуу жер титирөө болду

Дүйнө Загрузка... 30 Апрель 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-04-30 at 13.10.52.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

30.04.25. /Кабар/. Тынч океандын түндүгүндө катуу жер титирөө болду. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка караганда, күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө Тынч океандын акваториясында Австралиянын Тасмания аралындагы Хобарт шаарынан 1391 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Геофизикалык кызматынын Алтай-Саян филиалынын оперативдүү маалыматына ылайык, зилзаланын интенсивдүүлүгү боюнча "талкалоочу" мүнөздө деп бааланууда.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына таянсак, жердин силкинүүсү 6,8 балл болду. Очогу 4,5 чакырым тереңдикте жайгашкан.