Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Германиядагы Бонн университетине караштуу Гольдфусс палеонтология музейинен жүздөн ашык байыркы ташка айланган калдыктар уурдалды. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Анда белгиленгендей, айрым экспонаттардын жашы 1 миллиард жылдан ашат.
Алдын ала маалымат боюнча, уурдалган байыркы калдыктардын жалпы салмагы 70–100 килограммга чейин жетет. Алардын айрымдарынын баасы 10 миң евродон жогору экени айтылууда.
Кылмышкерлер музейдеги 25 витринага кол салган. Анын 15инин айнегин сындырып, 10 витринаны ачышкан. Бирок музейдин кире бериш эшиктеринен бузуп кирүүнүн белгилери табылган эмес. Ошондуктан уурулар имаратка кантип кирип, ондогон килограмм экспонатты байкатпай алып чыгып кеткени азырынча белгисиз.
Музейде 2023-жылдан 2026-жылдын июлуна чейин оңдоо иштери жүргөн. Ушул мезгилде көргөзмө витриналары жыгач конструкциялар менен жабылып турган. Оңдоо иштери аяктап, жыгач тосмолор алынгандан кийин гана музей кызматкерлери экспонаттардын жоголгонун байкашкан.
Университет полицияга кайрылып, азыр окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат. Ошондой эле музей жетекчилиги чет өлкөдөгү кесиптештерине кабар берип, уурдалган байыркы калдыктар атайын көргөзмөлөрдө же базарларда пайда болушу мүмкүн экенин эскертти.
Ошол эле учурда уурулур музейдин эң белгилүү экспонаттарынын айрымдарына тийген эмес. Алардын арасында байыркы куш, байыркы жылкы жана дүйнөдөгү эң чоң деңиз чаяны бар. Алардын түп нускалары мурда эле коопсуз жерге алынып, музейде көчүрмөлөрү коюлгандыктан, кылмышкерлер чыныгы баалуу экспонаттардын ордуна алардын муляждарын алып кетишкен.