Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, борбор калаада коомдук транспорттун маршруттук тармагы толугу менен кайра каралат.
Анын айтымында, шаардагы негизги түйүндөрдү бириктирген жаңы автобекет, Ош базары жана түндүк альтернативдүү жолу сыяктуу экспресс-маршруттар ишке киргизилет. Бул каттамдар айланып өтүүчү жолдор аркылуу жүрөт. Андан сырткары, кошумча кыска маршруттар да ачылат.
Мэр белгилегендей, тыгындардын негизги себептеринин бири аялдамага автобустардын топтолушу жана узун каттамдардын көптүгү.
“Жаңы кыска маршруттар транспорттук түйүндөгү жүктү азайтууга жардам берет. Транспорт которуу системасы шаардыктардын чыгымын көбөйтпөшү керек. Ошондуктан бир жолу карта менен төлөгөн жүргүнчү башка маршруттарга акысыз которула ала турган механизмди киргизүү тапшырмасы берилди. Бул система 1,5–2 айдын ичинде ишке киргизилет. Ошондой эле жаңы автобекет жана Ош базары ачылгандан кийин маршруттук тармак толугу менен кайра түзүлөт”, — деди мэр.