Тушоо кесүү тойго Улуттук банктын тыйынын белек кылсаңыз болот

Коом
Тушоо кесүү тойго Улуттук банктын тыйынын белек кылсаңыз болот
Тушоо кесүү тойго Улуттук банктын тыйынын белек кылсаңыз болот
Алдыга
Артка
Тушоо кесүү тойго Улуттук банктын тыйынын белек кылсаңыз болот
Тушоо кесүү тойго Улуттук банктын тыйынын белек кылсаңыз болот
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Улуттук банк “Кыргыз элинин үрп-адаттары жана ырым-жырымдары” сериясынан жаңы коллекциялык “Тушоо кесүү” күмүш тыйынын чыгарды. Ал бүгүндөн тарта пайдаланууга бериле тургандыгын банктан билдиришти.

Жаңы коллекциялык тыйындын баасы 6 940 сом. Аны Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан жумуш күндөрү саат 9:00дөн 14:00кө чейин сатып алса болот, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктар сатылган атайын веб-сайтта да бар.

Улуттук банк бул коллекцияны чыгаруу менен кыргыз элинин улуттук үрп-адат жана ырым-жырымдарын сактоо, жайылтуу жана визуалдык түрдө чагылдыруу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, “Тушоо кесүү” салты – баланын биринчи баскан кадамына же тушоосун кесүүгө арналган эң байыркы ырым-жырымдардын бири болуп саналат. Байыртадан бул жөрөлгө жаңы баскан баланын жолунун ачыктыгы, жаркын келечеги жана алдыдагы бакубат жашоосу үчүн жасалып келген.