"Туруктуу туризм аркылуу Майлуу-Суу шаарынын өнүгүүсү" – "Унутулган шаарларды жандандыруу" форуму өттү

Коом 19 октябрь 2025 12:41
562318305_1370209421780355_1248618251530973140_n.jpg
561344842_1370209335113697_5236267418034048662_n.jpg
561848645_1370209218447042_695178530534773720_n.jpg
562303186_1370209418447022_1375182483548690275_n.jpg
562370402_1370209225113708_5624952651123595694_n.jpg
565123609_1370209365113694_49040194577418728_n.jpg
566318414_1370209461780351_1709508431258538135_n.jpg
Алдыга
Артка
562318305_1370209421780355_1248618251530973140_n.jpg
561344842_1370209335113697_5236267418034048662_n.jpg
561848645_1370209218447042_695178530534773720_n.jpg
562303186_1370209418447022_1375182483548690275_n.jpg
562370402_1370209225113708_5624952651123595694_n.jpg
565123609_1370209365113694_49040194577418728_n.jpg
566318414_1370209461780351_1709508431258538135_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. 16-17-октябрда Майлуу-Суу шаарында президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын, бир катар мамлекеттик органдардын, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен “Туруктуу туризм аркылуу Майлуу-Суу шаарынын өнүгүүсү” – “Унутулган шаарларды жандандыруу” аттуу форум өттү.

Форумду Майлуу-Суу шаардык мэриясы жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси уюштурду.

Биринчи күнү өлкө аймагындагы уран мурастары жайгашкан аймактарга жакын калктуу конуштардын өз ара кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүнө арналган тегерек үстөл өттү. Тегерек үстөлгө Майлуу-Суу шаарынын, Шекафтар, Миң-Куш, Кан, Кызыл-Жар, Туя-Моюн кыштактарынын, ЕККУ, БУУӨП өкүлдөрү, ошондой эле Тажикстандан келген чет элдик коноктор катышты.

17-октябрда болуп өткөн Туристтик форумдун башкы максаты - мурда уран объектилери менен белгилүү болгон шаардын экономикалык диверсификациясынын, жергиликтүү жамааттарды тартуунун жана экологиялык аброюн жакшыртуунун куралы катары туристтик жагымдуулукту жогорулатуу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу Майлуу-Сууну кайра жандандыруу болду.

Форумда сүйлөгөн сөзүндө Динара Кемелова Майлуу-Суу шаары кайра жаралуунун символуна айланып, туруктуу өнүгүү үлгүсүн жаратуу менен оор экологиялык мурасты кантип жеңсе болорун көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Атайын өкүл Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттердин (2023–2027-жж.) алкагында тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн туризм, экология, органикалык өндүрүш, геопарктарды түзүү, билим берүү, инфраструктура жана ишкердикти өнүктүрүү багыттарында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын эске салды.

Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, туроператорлор жана ишкерлер активдүү катышты.

Форум бийлик, бизнес жана жарандык коом ортосунда практикалык диалог үчүн аянтча болду. Катышуучулар экономика, инфраструктура, туризм жана тарыхый- маданий мурастарды сактоо багытындагы өнүгүү перспективаларын талкуулашып, креативдүү демилгелерди сунушташты.

Форумдун алкагында катышуучуларга индустриалдык тарых, калдыктарды сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча долбоорлор, ошондой эле аймактын жаратылыш объектилери менен таанышууга мүмкүндүк берген "Сити-тур — "Өтө жашыруун" грифи бар шаар " сыяктуу тематикалык экскурсиялар өткөрүлдү.

Форум туруктуу туризм чакан шаарларды жана мурда өнөр жайлык тобокелдиктер менен байланышкан аймактарды кайра жандандыруунун таасирдүү куралы болуп, алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача аларын көрсөттү.

Форумдун алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин, жергиликтүү ишкерлердин өндүрүмдөрүнүн, ошондой эле Майлуу-Суу электр лампа заводунун продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Форумдун соңунда Майлуу-Суунун 2030-жылга чейинки кыска жана орто мөөнөттүү келечекте туристтик потенциалды өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

Форумдун жыйынтыгы менен Майлуу-Суунун туристтик потенциалын 2030-жылга чейин кыска жана орто мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.