Туруктуу тарифтер сакталат. Мамлекет ички авиакаттамдарды колдоого алат

Коом Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:59
2.webp
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылга карата ички аймактык каттамдар боюнча авиабилеттердин баасы базар баасынан төмөн деңгээлде белгиленди. Билеттердин наркындагы айырмачылык Турукташтыруу фондунун эсебинен толтурулат.

"Мамлекет чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды. Бул билеттин баасы сезонго, суроо-талапка жана каттамдын толушуна жараша өзгөрүп, жарандардын көпчүлүгү үчүн жеткиликсиз болгон мурдагы рыноктук баа түзүү моделинен баш тартууга мүмкүндүк берди", — деп жазды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов.

1

"Кыргызстан аэропорттору" ААКтын басма сөз кызматы билдиргендей, таблицада көрсөтүлгөн бардык багыттар субсидияланат, анткени алар жаңы жана социалдык маанилүү каттамдар болуп саналат.

"Азыр дал ушул каттамдарга, өзгөчө Талас, Нарын, Ош жана Каракол багыттарына басым жасоо маанилүү. Башка багыттар дагы суроо-талапка ээ жана популярдуу, бирок ал жакта да баалар субсидияланат", — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, туруктуу тарифтер сакталат жана аларды көтөрүү пландалган эмес. Мындан тышкары, жарандардын айрым категориялары үчүн жеңилдиктер сакталып, пенсионерлер үчүн 10 пайыз арзандатуу каралган.

"Ички каттамдардын тармагын кеңейтүүгө дээрлик орун калган жок, өлкөдө 11 аэропорт иштеп жатат жана каттамдар бардык багыттар боюнча аткарылууда", — деп билдиришти аэропорттон.

IMG_5290_ueai14Y.2e16d0ba.format-webp.fill-166.width-800

Ошону менен бирге Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас каттамдары ички рынокто эң көп суроо-талапка ээ бойдон калууда. Бул жерде жүргүнчүлөрдүн агымы туруктуу жогору жана суроо-талап бир авиаташуучунун мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашат.

"Ушул себептен бул багыттар боюнча тарифтерди субсидиялоо мүмкүн эмес. Бир ташуучу тарабынан баалардын төмөндөтүлүшү рынокко сөзсүз таасирин тийгизип, башка авиакомпанияларды тең эмес шарттарга калтырат", — деп белгиледи аэропорттун басма сөз кызматы.

3163248.c990f8c01322ded29f30787148f58f47.width-800

Мындан тышкары, учурда Asman Airlines авиакомпаниясынын бул каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн агымын толук тейлөөгө ресурстары жетишсиз. Андыктан атаандаштык чөйрөнү сактап калуу жана бир нече ташуучунун катышуусун камсыздоо маанилүү, бул каттамдардын туруктуулугун жана жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн шарттайт.