Түркиянын ири компаниялары "Ала-Тоо Резорт" курортунун курулушуна кызыктар

Коом Загрузка... 15 Октябрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Түркиянын ири компаниялары "Ала-Тоо Резорт" курортунун курулушуна кызыктар. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бир нече тармактагы дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын ээси Эмрах Далкая "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов менен жолукту.

Эмрах Далкая Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагына курулушу башталган ири курорт тууралуу октябрь айынын башында Стамбулда өткөн кыргыз-түрк ишкерлеринин көчмө отурумунда угуп атайын Кыргызстанга келген.

Максутов "Ала-Тоо Резорт" долбоору тууралуу кеңири маалымат берип, Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластерин түзүү боюнча амбициялуу демилгелер боюнча айтып берди.

Эмрах Далкая Түркия дүйнөдөгү эс алууга эң ыңгайлуу мамлекеттердин бири катары белгиленип келгени менен мындай ири курорт курула электигин айтты.

Ал дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди тартуу менен тоо лыжа туризминин маанилүү борбору болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон "Ала Тоо Резорт" долбоору тууралуу түрк ишкерлерине жайылтып, жакынкы убакта пландалып жаткан туристтик объектилер курулчу жерлер коюла турган аукционго катышууга чакырарын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин бир нече түрк компанияларынын өкүлдөрү Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагына барып, Жыргалаңдагы “Ала-Тоо Резорт” курорту курулуп жаткан аймакты жеринен көрүү ниетин билдиришкен.