Түркиядагы кыргыз студенттерге кылмыштуулуктун алдын алуу түшүндүрүлдү

Коом 02 Март 2026 16:52
645321343_1316864700462528_5942503078934219919_n.jpg
645213071_1316864660462532_6817889144973464411_n.jpg
645586168_1316864670462531_3429434774506164460_n.jpg
Алдыга
Артка
645321343_1316864700462528_5942503078934219919_n.jpg
645213071_1316864660462532_6817889144973464411_n.jpg
645586168_1316864670462531_3429434774506164460_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаев Анкара шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Түркиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Манас Аманбаев студенттерге Түркиядагы мыйзамсыз миграция, аткезчилик жана экстремизм сыяктуу укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.