Turkish Airlines Asman Airlines менен кызматташууга даяр – Самидинов

Коом 18 декабрь 2025 12:44
600593117_25295547973437372_8649910452322234577_n (1).jpg
599951065_25295548813437288_4336471102033673180_n.jpg
599922200_25295549553437214_5816620349738677343_n.jpg
602336280_25295548366770666_2894573866763199161_n.jpg
Алдыга
Артка
600593117_25295547973437372_8649910452322234577_n (1).jpg
599951065_25295548813437288_4336471102033673180_n.jpg
599922200_25295549553437214_5816620349738677343_n.jpg
602336280_25295548366770666_2894573866763199161_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов Стамбул шаарында Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Билал Экши менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Самадинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө түрк тарап Кыргызстандын Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Turkish Airlines "Манас" эл аралык аэропортунда техникалык конуу менен аткарылуучу каттамдарды кошо алганда, жүк жана жүргүнчү ташуучу каттамдардын санын көбөйтүү ниетин тастыктады.

"Билал Экши расмий кайрылууну кабыл алып, Кыргызстан менен кызматташуунун жогорку маанисин белгилеп, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде, биз аны 2026-жылдын жай айларына пландалган «Манас» эл аралык аэропортунун жаңыланган аэробекет комплексинин ачылыш аземине катышууга чакырдык", - деп жазган ал.