Туризмге жаңы дем: Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курулууда

Коом 449 18 Июнь 2026 16:00
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-18 at 14.44.36.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көлдүн жээгинде курулуп жаткан беш жылдыздуу мейманкана комплексинин курулуш иштерине мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттиктин өкүлдөрү курулуш иштеринин учурдагы абалы менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүн жана объектти курууну аяктоо боюнча кийинки этаптарды талкуулашты.

Мейманкана комплекси Азербайжандын президентинин Иш башкармалыгы менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында курулууда. Долбоор аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Комплекстин курамына ар кандай категориядагы мейманкана бөлмөлөрү, конференц-залдар, коомдук тамактануу жайлары, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо зоналары кирет. Объект туристтерди, расмий делегацияларды, бизнес өкүлдөрүн жана эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жайгаштырууга багытталат.

Учурда объектте монтаждоо жана жасалгалоо иштери улантылууда. Имараттын негизги курулуш конструкцияларын тургузуу аяктап, ички жана тышкы жасалгалоо иштери, ошондой эле инженердик коммуникацияларды жана технологиялык жабдууларды орнотуу жүргүзүлүүдө.

Мейманкана комплексинин курулушу Ысык-Көл аймагындагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана туризм тармагына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.