Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чолпон-Атада кызматтык унааларды тапшыруу аземинде жайкы туристтик сезон алдында Ысык-Көлдө экологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Ал экологиялык көзөмөлдү күчөтүү иштери президент Садыр Жапаровдун "Ысык-Көл көлүнүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жайкы туристтик сезондун башталышында Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу эң башкы маселе болуп саналат.

"Ушундан улам биз министрлигибиздин гарнизондук бөлүштүрүүсүн өткөрүп жатабыз. Ошондой эле министрликтин кызматкерлерине экологиялык мыйзамдарды бузгандарга карата көрүлүүчү чаралар боюнча өзгөчө тапшырмалар берилүүдө", — деди министр.
Ошондой эле ал көлдүн жээгинде, эс алуу жайларында, пансионаттарда жана коомдук жайларда туруктуу кайгуулдар уюштуруларын белгиледи. Негизги көңүл көлдүн суусун жана анын жээктерин булгоо фактыларын аныктоого бурулат.
"Экологиялык талаптарга ылайык, тийиштүү тазалоочу курулмалары же септиги жок пансионаттар менен конок үйлөрүнүн иштешине тыюу салынат. Бул багытта укук коргоо органдары Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына көмөк көрсөтүшөт. Унааларын көл жээгине жакын токтоткон, таштанды таштаган, ошондой эле скутер жана катерлерди эс алуучуларга коркунуч келтирип, сууну булгай тургандай башкарган адамдарга ири өлчөмдө айып пул салынат", — деди министр.
Токтобаев мыйзамдын талаптарына ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинен 100дөн 500 метрге чейинки аралыкта унаа жууганга, транспорт каражаттарын токтотууга жана сууну булгай турган чарбалык иштерди жүргүзүүгө катуу тыюу салынарын эскертти. Мындан тышкары, көл аймагында бир жолу колдонулуучу пластик идиштерди жана пакеттерди колдонууну, ошондой эле сатууну чектөө боюнча түшүндүрүү жана көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт.

Техникалык камсыздоо тууралуу айтып жатып, министр жаңы берилген унаалар мыйзамсыз таштандыларды аныктоого, жаратылыш аймактарын коргоого, суунун, жердин жана абанын булганышына каршы көзөмөлдү күчөтүүгө кызмат кыларын белгиледи.
"Экологиялык коопсуздук бир гана мамлекеттин эмес, ар бир жарандын жоопкерчилиги. Климаттын өзгөрүшү жана экологиялык коркунучтар күчөгөн шартта биздин кызмат заманбап техника жана шарттар менен камсыз болушу керек", - деп жыйынтыктады Акыл Токтобаев.