Ысык-Көлдөн 2 тонна таштанды жана 60 миң метр тор чыгарылды

Коом 28 Май 2026 14:45
WhatsApp_Image_14w4d7H.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_nNUfjWY.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_s0g07tL.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_sQpoqWd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_uP70S7K.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_y3iruc7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 2 тоннага жакын ар кандай таштанды жана 60 миң метрден ашык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Суучулдар кызматынын башчысы Сабыржан Аламанов билдирди.

Анын айтымында, көлдүн акваториясын ар кандай таштандылардан, анын ичинде балык уулоочу торлордон тазалоо иштери төртүнчү жыл катары менен жүргүзүлүүдө.

"Биз бүгүн дагы ӨКМдин суучулдарын тартуу менен "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын жанында ушундай эле тазалоо иш-чарасын өткөрүп жатабыз. Бул жерден негизинен тиричилик калдыктарын: пластик бөтөлкөлөрдү, полиэтилен материалдарын, тагырагы, эс алуучулар өздөрү менен кошо ала келген нерселерди чогултуп жатабыз. Таштандылар суучулдардын жардамы менен колго терилип, өйдөгө чыгарылууда", - деп белгиледи ал.