Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуусунда мектеп окуучуларынын сумкасынын салмагы жана окуу китептеринин оордугу көтөрүлдү.
Жолугушууда ата-энелердин бири балдардын китептери өтө оор болгондуктан алардын ден соолугуна, анын ичинде бөйрөгүнө доо кетип жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле китептердин мазмуну боюнча да суроолор бар экенин белгиледи.
Буга жооп берген агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева китептер мамлекеттик стандарттын негизинде төрт түрдүү экспертизадан өткөрүлүп, андан кийин гана мектептерге таратыларын маалымдады.
“Азыркы китептер балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө арналган. Салмагына келсек, биз бардык мектептердин жетекчилерине жана окуу бөлүмдөрүнө тиешелүү тапшырмаларды бергенбиз, китептердин электрондук нускалары да жеткиликтүү. Окуучулар китептерди мектепте калтырып, үйүнөн электрондук форматын пайдаланып, үй тапшырмаларын аткарса болот”, — деди министр.