Турчин: Беларусь Кыргызстанды кызматташууга келечектүү аянтча катары карайт

Экономика Загрузка... 05 Июнь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-06-05 at 12.18.39.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Беларусь Кыргызстанды узак мөөнөттүү кызматташуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн келечектүү аянтча катары карайт. Бул тууралуу Беларустун премьер-министри Александр Турчин "Ала-Арча" резиденциясында өткөн кыргыз-беларусь бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөнү индустриялаштыруу жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар соода-экономикалык мамилелерибизди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

"Эки өлкө ортосунда ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөштүк жана алдыдагы ондогон жылдар бою экономикалык байланыштарды чыңдоого өз ара милдеттенме бар. Биздин өнөр жайдагы артыкчылыктарыбыз 2027-жана 2030-жылдарга чейинки эки Жол картасынын алкагында так белгиленген. Беларусь технологиясы Кыргызстанда көптөн бери талапка жооп берип келет. Бирок, бүгүнкү күндө жөнөкөй соодадан тышкары кооперативдик долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы келип чыгууда. Эң негизгиси, биргелешкен долбоорлор үчүн каржылык механизмдер түзүлдү. Беларустун Өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосунда жеткиликтүү кредиттик ресурстарды пайдаланууга мүмкүндүк берген келишимге кол коюлду", — деди ал.