Турак жайды камсыздандыруу: Көрсөткүчтөр өсүп, ишеним жогорулады

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 18:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Турак жайды камсыздандыруу боюнча өлкөдө жарандардын активдүүлүгү өсүүдө. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматтарына ылайык, бүгүнкү күндө жүз миңдеген жаран үйүн камсыздандырып, кырсык болгон учурда материалдык колдоого ээ болууда. Соңку жылдары төлөнгөн компенсациялардын көлөмү да кыйла көбөйүп, мамлекеттик системага болгон ишенимдин артканын көрсөтүүдө.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин айтымында, акыркы жылдары турак жайын камсыздандыргандардын саны кыйла көбөйдү.

"Өлкөдө 2015-жылы мыйзам ишке кирип, 2016-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу уюму негизделген. Максаты - жарандар үчүн ишенимдүү жана туруктуу камсыздандыруу системасын түзүү болгон. Уставдык капитал да мамлекет тарабынан бөлүнгөн. Буга чейин айрым жеке компаниялар элден каражат чогултуп, кийин ишин токтотуп же дайынсыз болуп кеткен учурлар кездешкендиктен, калк арасында ишенбестик жаралган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму дал ошол ишенимди калыбына келтирүү максатында түзүлгөн.

Өлкөнүн турак жай фондунда 1 млн 251 миңден ашуун турак жай катталган. Анын ичинен 2025-жылы 27,5% үй камсыздандырылган. Бул көрсөткүч 2021-22-жылдары 10%дан гана ашчу. Ал эми бүгүнкү күндө ал 30%га жакындады. Башкача айтканда, жогоруда катталды делген үйлөрдүн 357 миң 480и камсыздандырылды.

Биздин компания 2025-жылдын 31-декабрына карата – 247 жаранга жалпы 31 млн 878 миң сом төлөп берген. Ал эми быйылкы жылдын 23-февралына карата - 37 жаранга жалпы 8 млн 720 миң 188 сом төлөп берди”,-деди ал.

Осмоналиев ар бир облуста турак жайды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү жана үгүттөө иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейт.

“Бишкек шаарында борбордук аппарат жайгашса, аймактарда филиалдарыбыз иш алып барат. Андан сырткары, жарандар менен жеринде иштеше турган агенттик түйүндөрүбүз бар. Алар тургундарды жеринде каттоого алышат. Жарандар мында убара болбой, кезекке турбай жеринде турак жайларын камсыздай алышат.

Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюму айыл өкмөттөрү менен тыгыз иш алып бара алат. Себеби, өзүнүн айылы үчүн алардын да кызыкчылыгы бар. Алар да кырсык учурунда айыл тургундарына жардам берүүгө муктаж болушат.

Камсыздандыруу боюнча калктын түшүнүгү да жакшы жагына өзгөрдү. Биздин иштер да өз нугунда бара жатат. Атап айтканда, 2023-жылы биз жарандарга 27 млн сомдун тегерегиндеги каражат төлөп берсек, 2025-жылы 70 млн сом акча төлөп берди. Бул төлөмдөрдүн дагы, үйүн камсыздандыргандардын санынын көбөйүп жатканын да айгинелеп турат”,-деп белгиледи ал.

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунун тургуну Кубат Жоробеков 2024-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна 1200 сом төлөп үйүн камсыздандырган. Анын айтымында, 2025-жылы 31-октябрда турак жайы өрттөнүп кеткен.

“Үйүбүздүн жалпы 80% бөлүгү күйүп кеткен. Экспертиза, тактоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бизге бир айдын ичинде 740 миң сомдой акчалай каражат төлөп берди. Бул сумма үйдүн зыян келтирилген жерлерин толук жаппаса да, олуттуу бөлүгүнө абдан жакшы жардамын тийгизди”,-дейт Жоробеков.

Ал эми экинчи каарманыбыз – Бишкек шаарынын тургуну Ж.Ч. былтыркы жылы батири өрт кырсыгынан жабыркап, ичиндеги эмерек, тиричилик буюмдарынан бери жараксыз болуп калганын айтат.

“Үйдү 2017-жылы инилерим сатып алып, өзүлөрү Бишкекте эмес болгондуктан ишеним кат аркылуу мага өткөрүп беришкен. 2025-жылы 19-августта батирден өрт чыкты. Өзү бир бөлмөлүү болгондуктан, тилсиз жоо залдан башталып, бардык жерин кара ыш каптады. Ичиндеги буюмдар, ал тургай терезелеринен бери жараксыз болуп калган. Экспертиза жүргүзүлүп, бир айдан кийин уюм бизге 5200 АКШ долларынан турган сертификат тапшырды. Ошол суммага биз үйдү кайрадан жаңырта алдык. Бизге бул аябай чоң жардам болду. Уюмга абдан ыраазымын!”-деди ал.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун эрежелерине ылайык, ар бир жарандын иши мыйзам талаптарына ылайык каралып, документтери такталган соң төлөмдөр өз убагында жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрү төмөндөгүдөй:

  • Айыл жергесинде – жылына 600 сом;
  • Шаар аймагында – жылына 1200 сом.

Бул сумма бир жылдык камсыздандыруу үчүн төлөнөт жана табигый кырсыктардан (сел, жер көчкү, өрт, шамал ж.б.) келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган.

Маалымат үчүн: Жеке турак жайларды жана батирлерди же кыймылсыз мүлк катары катталган турак жайдын бардык түрлөрүн камсыздандырса болот:

  • Жеке турак үй;
  • Турак жайдын бир бөлүгү;
  • Көп кабаттуу үйдөгү батир;
  • Коммуналдык батир;
  • Коммуналдык батирдеги бөлмө;
  • Атайын турак жай фондуна караштуу үйдүн бир бөлмөсү;
  • Мейманкана;
  • Мейманкана тибиндеги турак үй.