Кыргызстан табигый кырсыктарга - жер титирөө, сел, суу каптоо, кар көчкү жана өрт коркунучтарына жакын өлкөлөрдүн катарына кирет. Айрыкча Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустары жогорку коркунучка дуушар болуп, табигый кырсыктар көп учурда турак жайларга жана инфраструктурага олуттуу зыян келтирет. Ал эми мындай кырдаалдар жарандар үчүн турак жайды камсыздандыруу канчалык деңгээлде зарыл экендигин айгинелеп турат.
Камсыздандыруу - бул чыгымдарды азайтуунун натыйжалуу жолу
Турак жайды камсыздандыруу - бул үйдү күтүлбөгөн кырсыктардан каржылык жактан коргоо механизми. Табигый кырсык же өрт катталган учурда, камсыздандырылган жаран мамлекетке же кимдир бирөөгө көз каранды болбой, чыгымдын ордун камсыздандыруу компаниясы аркылуу толуктай алат. Бул жеке адам үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу болуп саналат.

Дүйнөдө камсыздандыруу маданияты алда канча жогору болгон - АКШ, Германия, Япония, Швейцария, Франция, Нидерланддар сыяктуу өлкөлөр бар.
Германия
Германияда турак жайды камсыздандыруу кеңири тараган. Үйлөрдүн 90%дан ашыгы камсыздандырылган. Ага өрт, суу каптоо, бороон-чапкын сыяктуу табигый кырсыктар кирет. Ипотека алууда да камсыздандыруу дээрлик милдеттүү шарт. Калк камсыздандырууну “кошумча чыгым” эмес, зарыл коопсуздук катары кабыл алат.
Япония
Япония жер титирөө коркунучу жогору өлкө болгону үчүн турак жайды камсыздандыруу жашоо маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттик жана жеке камсыздандыруу айкалышкан система бар. Жер титирөө үчүн атайын камсыздандыруу программалары иштейт. Табигый кырсыктардан коргонуу - мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү катары эсептелет.
Швейцария
Швейцарияда да турак жайды камсыздандыруу милдеттүү. Мамлекеттик камсыздандыруу фонддору иштеп, төлөмдөр так жана ыкчам жүргүзүлөт. Калктын ишеними өтө жогору.

Франция
Францияда үй ээлери жана ижарачылар үчүн камсыздандыруу кеңири колдонулат. Суу каптоо жана өрттөн коргоо өзгөчө өнүккөн. Камсыздандыруу келишимдери жөнөкөй жана жеткиликтүү. Ижарачы да, кожоюн да өз жоопкерчилигин билет.
АКШ
АКШда турак жайды камсыздандыруу ипотекалык рынок менен тыгыз байланышкан. Табигый кырсыктарга жараша аймактык камсыздандыруу системалары бар. Калктын басымдуу бөлүгү үйүн камсыздандырат.
Нидерланддар
Нидерланддарда суу каптоо коркунучу жогору болгондуктан үйлөрдү камсыздандыруу кадимки көрүнүш. Алдын алуу жана компенсация механизмдери күчтүү.

“Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, Кыргызстан турак жайды камсыздандырууда КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алдыңкы орундарда турат. Ошондой эле мамлекет тарабынан дагы көп өлчөмдөгү чыгымдар жабылып берилүүдө. Ошентсе да камсыздандыруу маданияты өтө жогорку деңгээлде дегенчелик эмес. Бирок, уюмдун жер-жерлерге барып түшүндүрүү, калкка маалымдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгынан улам бир катар жакшы өзгөрүүлөр байкалууда.
Акырындан ийгиликке жетип жаткан камсыздандыруу маданияты
“Мамлекеттик камсыздандыруу” ААКнын камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин айтымында, турак жайлардын камсыздандыруусун көбөйтүү максатында мамлекет тарабынан уставдык капитал 1 млрд 150 млн сом эсебинде бекитилген.

“Өзүбүз жүргүзгөн талдоолорго ылайык, 1250дөн ашуун камсыздандырылган турак жайлардын 30%нын камсыздандыруусу дагы, төлөмдөрү да жүрүп жатат.
Быйылкы жылы 30 млн сомдон ашык чыгымдар төлөнүп берилди. Жергиликтүү бийликтер менен да иш алып баруудабыз. Ош менен Ысык-Көл облустарында келтирилген зыяндарга жараша төлөмдөр көп жүргүзүлдү. Айыл, район, көчөлөрдү кыдырып маалымдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Мисалы, 30-40 турак жай болсо, анын 7-8си камсыздандырылган болот. Аларды башкалары көрүп, кызыгып, жеринен камсыздандырып бергиле деген жарандар да болууда. Кырсык айттырбай келгендиктен, жергиликтүү бийликтен жардам сураган учурлар болот экен. Ал эми аларда каражат болбойт да. Ага караганда айыл жергесинде 600 сом төлөп коюп, 500 миң сом алган, ал эми шаарларда 1200 сом төлөп коюп 1 млн сомго чейин төлөмдөрдү алган жакшы эмеспи”,- деп жарандарды турак жайын камсыздандырууга чакырып кетти ал.

Жыйынтыктап айтканда
Турак жайды камсыздандыруу - бул кошумча түйшүк эмес, тынч жашоонун кепилдиги. Ар бир жаран өз үйүн камсыздандыруу менен жеке коопсуздугун гана эмес, коомдук туруктуулукту да камсыз кылууга салым кошот. Камсыздандыруу маданияты өнүккөн коом - бул келечегине жоопкерчиликтүү караган коом.