Турак жайды камсыздандыруу: 2 айда 37 жаранга 8,7 млн сом төлөнүп берилди

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Быйылкы жылдын 23-февралына карата – турак жайы өрттөн жана башка табигый кырсыктардан жабыркаган 37 жаранга 8 млн 720 миң 188 сом сом өлчөмүндө каражат төлөнүп берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

WhatsApp Image 2026-02-24 at 12.00.50.jpeg

Ал эми 2025-жылдын 31-декабрына карата – 247 жаранга жалпы 31 млн 878 миң сом төлөнүп, 357 миң 480 турак жайга камсыздандыруу келишими түзүлгөн.

2025-жылы турак жай фондунда катталган 1 млн 251 миңден ашуун үйдүн 27,5% камсыздандырылган. 2021-2022-жылдары бул көрсөткүч 10% болсо, бүгүн 30%га жакындады.

Бул көрсөткүчтөр төлөмдөрдүн да жана турак жайын камсыздандыргандардын да саны көбөйүп жаткандыгын айгинелейт.