Бишкек, 14.01.25 /Кабар/. Туманга байланыштуу “Манас” аэропортунда үч учак коно албай турат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта аэропортто 175 метр гана аралык көрүнүп, Шарм-эль-Шейх, Стамбул жана Москванын учактары кармалып жаткандыгы белгиленет. Мындан улам Шарм-эль-Шейх учагы учурда Ташкент шаарына жиберилген. Калган эки каттам тууралуу чечим кабыл алына элек.
Белгилей кетсек, учактарды кабыл алуу үчүн кеминде 800 метр аралык көрүнүп турушу керек.
Эске салсак, учурда «Манас» эл аралык аэропортунда III категориядагы (CAT III) заманбап жарыктандыруу системасын орнотуу иштери уланууда. Система ишке кирсе, туман тоскоолдук жаратпайт. CAT III системасын орнотуу коюу туман жана начар көрүнүү шарттарында учактардын учуп-конуусуна мүмкүндүк берип, каттамдардын кечигүү жана жылдыруу коркунучун бир кыйла азайтат жана аба кыймылынын туруктуулугун жогорулатат.