Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Калкты тейлөө борборун күтүүсүз текшерип, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана иштин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Туманбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды КТБларга барбастан эле ала алышат.
"Тактап айтканда, паспорт алмаштыруу, ар кандай маалымкаттарды жана башка документтерди алуу мүмкүнчүлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта жеткиликтүү. Бул жарандардын убактысын үнөмдөп, КТБларга болгон жүктү азайтууга шарт түзөт", - деди ал.
Каныбек Туманбаев кызматкерлерге жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле кайрылууларды ыкчам кароо жана кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүксүз жакшыртып туруу зарылдыгын баса белгиледи.