Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женева шаарында Түштүк Африканын тышкы иштер министри Рональд Ламола менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулап, саясий диалогду, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Министр Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырып, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда саясий консультацияларды жолго коюуну сунуштады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагындагы эки өлкөнүн демилгелери белгиленип, БУУ системасынын алкагында өз ара позитивдүү кызматташууну улантууга даярдык тастыкталды.

Жолугушууда тараптар көчмөн маданияты, тоолорду өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча демилгелерди талкуулашты. Кулубаев ТАР делегациясын 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылы өтө турган Глобалдык тоо саммитине чакырды.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.